Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токон Мамытов: Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Темирлан Султанбековго келишет

Бирок, Кыргызстандын башкы укук коргоочусу саясатчыга жеке өзү барса болобу деген суроого жооп берген жок

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү убактылуу кармоочу жайга барып, Темирлан Султанбеков менен жолугушат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Акыйкатчы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, жолугушуу бүгүн же эртең болот. Учурда алар Султанбековго тоскоолдуксуз баруу үчүн COVID-19 үчүн ПТР тестин тапшырууга даярданып жатышат.

"Бүгүн же эртең Темирлан Султанбеков менен жолугушууга барабыз", - деди Мамытов. - Жолугушуудан кийин кеңири комментарий бере алам.

Эске салсак, кечээ, 13-октябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рыспаев Vesti.kg сайтына берген маегинде Султанбековду Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына алып келгенде, аны кыйнап коркутушкандыгын айткан.

- Мен аны менен процесстин алдында Биринчи Май райондук сотунда жолуктум, - деп баса белгиледи Рыспаев. - Ал кыйноолорго даттанбайт, бирок ошол эле учурда аларды борбордун Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына алып келгенде кыйноолор менен коркутуп-үркүтүүлөр болгонун белгиледи. Ал дагы эле ачкачылык кармап жаткан учурда, камактын шарттарына нааразы эмес.

Анын айтымында, сот имаратындагы коркутуу фактысы боюнча арыз алуу мүмкүн болгон жок.

Эскерте кетсек, 12-октябрда Биринчи Май райондук соту Темирлан Султанбековду эки айга убактылуу кармоочу жайга отургузуу чечимин чыгарган. Ал башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө.

Султанбековду көптөгөн активисттер, саясатчылар жана маданият өкүлдөрү - Мирбек Атабеков, Ассоль Молдокматова, Айгүл Курманова дагы колдошту.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх