Садыр Жапаровдун тарапташтары кайрадан митингге чыгууну көздөшүүдө (видео)
Жалал-Абад облусунан Бишкекке ондогон унаа жөнөп кетти
Экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары аны премьер-министр кызматына бекитүүнү талап кылып, кайрадан митингге чыгууну көздөп жатышат.
Нааразычылык акциясын эски аянтта бүгүн, саат 12: 00дө өткөрүү пландалууда.
Социалдык тармактарда видео таркатылып жатат, видеонун автору мурунку парламентарийди колдоо үчүн Жалал-Абад облусунан Бишкекке ондогон унаалар менен адамдар кетип баратканын айткан.
Эске салсак, бир күн мурун Президент Сооронбай Жээнбеков жыйынга кворум болбой калгандыгына байланыштуу Садыр Жапаровду премьер-министр кылып дайындоо боюнча жарлыгын Жогорку Кеңешке кайтарып берген.
Манас Колбаев
Фото www