Садыр Жапаров Каракол шаарынын мэрин кызматынан бошотту
Жаңы премьер-министрбуга чейин Адыл Каниметовду кызматтан кетирүү боюнча жарлыкка кол койгон
Каниметов Адыл Жанкорозович Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койду.
Бул чечим «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык кабыл алынды.
КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз