Бишкектеги митингчилер Курманкул Зулушевди спикер кылып дайындоону талап кылышууда (видео)
"Болбосо биз ар бир депутаттын үйүнө келип, анын дайындалышын талап кылабыз "
Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдындагы нааразычылык акциясына чыккандар депутат Курманкул Зулушевди парламенттин төрагасы кылып дайындоону талап кылышууда. Митингчилер Зулушев сот болгонун, ошондуктан бардык мыйзамдарды билерин белгилешти.
"Эгерде бизди укпаса, анда ар бир депутаттын үйүнө барып, анын дайындалышын талап кылабыз" деп трибунадан кыйкырып жатышат. "Биз аягына чейин турабыз!"
Ал арада нааразычылык акциясына катышкандардын саны 500 адамга чейин көбөйдү. Адамдар келе беришет.
Эске салсак учурда ЖК креслосунда Канатбек Исаев отурат.
Зулайка Эркимбаева
Вероника Малышева
Сүрөт Vesti.kg
Видео Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз