Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Эгер менин эрким болгондо, Атамбаевди үй камагына чыгармакмын (видео)

Премьер-министр журналисттердин мурдагы президенттин кармалышы боюнча суроолоруна жооп берди

Премьер-министр Садыр Жапаров журналисттердин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы боюнча суроолоруна жооп берди.

Пресс-конференция учурунда өкмөт башчысы экс-мамлекет башчынын үй камагына чыгарылышына каршы эместигин билдирди.

- Эгерде ал мага байланыштуу болсо, анда мен аны үй камагына чыгармакмын. Себеби ал жакшы же жаман болгон күндө дагы мамлекетти 6 жыл башкарган. Менин оюмча, анын үйдө отурганы, сот процесстерине катышканы туура болмок. А эгер анын күнөөсү далилденсе, анда ал камакка алынат. Ал эми акыркы окуялар үчүн камакка алынды деген туура эмес, - деп жооп берди премьер-министр.

 
Родион Решетов
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх