Темирлан Султанбековдун апасы: Менин балам азырынча чыга элек
Кыял Токторбаева жаш саясатчыны колдогондордун бардыгына ыраазычылык билдирди
Жаш саясатчы Темирлан Султанбековдун апасы Кыял Токторбаева Vesti.kg сайтына билдиргендей, уулу убактылуу кармоочу жайдан чыга элек.
Аялдын айтымында, ал уулу үй камагында болоорун тастыктаган документти көрө элек.
"Темирландын бошотулгандыгы толугу менен так маалымат эмес", - деп түшүндүрдү Токторбаева. - Биз соттун чечимин күтүп жатабыз, бирок азырынча ала элекпиз. Соттун тиешелүү документти бизге өткөрүп беришин күтүп жатабыз. Мен өзүм баш коргоо чарасын үй камагына чыгаруу жөнүндө өзгөртүү маалыматын ММК аркылуу билдим.
Токторбаева Султанбековдун адвокаты Чынар Жакупбекова Биринчи май сотунун чечимине каршы бир күн мурун аппеляциялык арыз менен кайрылгандыгын кошумчалады. Мындан тышкары, ал уулун коргоо үчүн тикесинен тик турган бардык кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылыгын билдирди.
"Бардык адамдарга, интернет колдонуучуларга, активисттерге уулумду колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирем", - деди ал. - Мындай күчтүү колдоо көрсөтүлөт деп күткөн эмесмин. Бул мага күч берди.
Эскерте кетсек, жаш "социал-демократ" Темирлан Султанбеков массалык башаламандыктарды уюштурган деп айыпталууда. Ал 9-октябрда аянтта өткөн митингден кийин кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту депутаттыкка талапкерди убактылуу кармоочу жайга жайгаштыруу чечимин кабыл алды.
Султанбековду активисттер, саясатчылар жана маданият өкүлдөрү - Мирбек Атабеков, Ассоль Молдокматова, Айгүл Курманова жана башкалар дагы колдошту.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www