Бөлүмдүн жаңы жетекчиси КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлерине тааныштырылды
Алмазбек Бейшеналиев билим берүү системасын салттуу, консервативдик позициялардан алысташы керек деди
Бүгүн, 15-октябрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамаатына жаңы министр Алмазбек Бейшеналиев тааныштырылды.
Жаңы министр билим берүү тутумунун бардык деңгээлдеринде компетенттүүлүк мамилени киргизип, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Билим берүү тутуму эмгек рыногунун талаптарын канааттандыруу үчүн салттуу, консервативдик позициялардан баш тартуусу керектиги айтылды.
“Дүйнөлүк тенденцияларды эске алышыбыз керек, инновацияларды киргизип, заманбап талаптарга ылайык реформа жасап, өзгөрүшүбүз керек. Биздин негизги продуктылар - бул биздин бүтүрүүчүлөр. Бүгүнкү күндө алар эмгек рыногунун талаптарына канчалык деңгээлде жооп берет деген суроо жаралууда. Санариптештирүү боюнча чечилбеген маселелер бар. Мындан тышкары, биз ишибизде ачык-айкындуулукту камсыз кылышыбыз керек. Биз Кыргызстандын калкына билим берүү тутумуна кандай жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгы, кандай долбоорлор иштеп жаткандыгы, кандай билим берүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлүп жаткандыгы жөнүндө толук маалымат беришибиз керек », - деди Бейшеналиев.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www