Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жаңы маданият министри Нуржигит Кадырбековду жамаатка тааныштырды

Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси бул дайындоодо Кадырбековдун тажрыйбасы жана маданият чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошкон салымы эске алынгандыгын айтты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Бактыбек Аманбаев Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган Нуржигит Кадырбековду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды. 

Өкмөт Аппаратынын жетекчиси-министр Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында дайындалганын белгиледи.

«Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Ага ылайык, Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды.  Нуржигит Кадырбековичтин билим деңгээли жана маданиятты көтөрүүгө кошуп келе жаткан салымы эске алынды.  Жаңы министрди баарыңыздар тааныйсыздар, чогуу иштешкенсиздер. Биргеликте мадания тармагын өнүктүрүүгө салым кошосуздар деген үмүттөмүн», - деди Бактыбек Аманбаев. 

КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх