Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды
Кийинки мэр ким болору азырынча белгисиз
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбордун муниципалитетинен билдиришти.
Маалымат булактарынын айтымында, мэр өз каалоосу менен кетет.
Кийинки мэр ким болору азырынча белгисиз. Бирок, муниципалитеттин капталында буга чейин ушул кызматты аркалап келген Нариман Түлеевдин талапкерлиги талкууланып жатат. Эскерте кетсек, бүгүн Түлеев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз