Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Гүлнара Журабаева: Шайлоодон кийинки башаламандыкка БШК эмес, добуш сатып алгандар күнөөлүү (видео)

БШКнын мүчөлөрү милиция кызматкерлери келип суракка алып кетишин күтүп жатышат

Шайлоодон кийин болгон окуяга БШК күнөөлүү эмес, жоопкерчилик добуш сатып алып, административдик ресурстарды колдонгондорго жүктөлөт. Мындай пикирин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Джурабаева журналисттер менен бөлүштү.

Түшүндүрө кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн ИИМ кызматкерлери комиссиянын айрым мүчөлөрүн суракка алып кетишти. Белгилүү болгондой, сөз 5-октябрда болгон тополоң окуясы жөнүндө болуп жатат. Азыр БШКнын имаратында комиссиянын бир нече мүчөсү бар, алар дагы суракка чакырылышын күтүп жатышат. Күн тартиби БШК мүчөлөрүнө бир саат мурун жеткирилген.

- Ооба, БШКнын чечимдерин ар кандайча чечмелөөгө болот, балким кайсы бир жерде ал катуураак болмок, бирок болуп жаткан окуяга комиссия күнөөлүү эмес, - деди Журабаева. - Биз бардык партияларга шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн бердик, ошондо эл өзү парламентке татыктуу болгондорго добуш бере алат.


Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 20-декабрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын жаңы шайлоого даярдыктар башталды.

Элдос Казыбеков
Вероника Малышева
Видео Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх