ИИМ эмне үчүн БШКнын бардык мүчөлөрүн суракка алууну чечкендиктерин түшүндүрдү
5-октябрда Бишкектеги башаламандык боюнча ИИМ тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Бишкек шаарында 2020-жылдын 5-октябрында массалык баш аламандыкты уюштуруу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандыктарды уюштуруу) сотко чейинки иликтөөнү баштады.
Тергөөдө жүрүп жаткан иштин алкагында, 2020-жылдын 5-октябрында саясий партиялардын лидерлери жана алардын тарапкерлери өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, Ала-Тоо аянтында уруксатсыз митинг уюштурушкандыгы аныкталды.
Массалык баш аламандыктын келип чыгуу себептерин аныктоо максатында, Ички иштер министрлигинин УКМКсы чакыруу кагазын берүү менен, БШКнын бардык мүчөлөрүнүн тергөө иш-аракеттерине келишин, атап айтканда, аларды 2020-жылдын 5-октябрында болгон жагдайлар боюнча күбө катары суракка алууну камсыз кылуу боюнча тергөө буйругун чыгарды.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы
сүрөт www