Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчы Көлбаев кылмыштуу топ түзгөн деп шектелүүдө

УКМКга мыйзамдагы уурунун кылмыштуу аракеттери боюнча маалыматтар келип түшкөн

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) аталган криминалдык авторитетке байланыштуу маалыматтар алынды.

Бул материалдар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу) боюнча катталып, сотко чейинки иликтөө иши башталды.

2020-жылы 22-октябрда Камчыбек Асанбектин Бишкек шаарында жүргөн жери аныкталып, акыркысы анын катышуусу менен тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилген.

Жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-чараларынын алкагында УКМК Асанбектин жана ага байланыштуу адамдардын кылмыш чөйрөсү жөнүндө маалыматтарды криминалдык чөйрөдөн алууга багытталган тиешелүү чараларды көрөт.

УКМКнын пресс-борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх