Бишкектеги райондордун эки акими кызматтан кетишти
Азамат Дороев менен Алибек Биримкулов кызмат ордунан кетишти
Бишкек мэриясында кезектеги кадрдык өзгөрүүлөр. Октябрь районунун акими Азамат Дороев жана Биринчи Май районунун акими Алибек Биримкулов кызмат ордунан кетишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына муниципалитектеги булактар билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн Балбак Түлөбаев борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал буга чейин эки вице-мэр Виктория Мозгачева менен Алымбек Абдылдаевди кызматтан алууга жетишкен.
Вероника Малышева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз