Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда доллардын курсунун көтөрүлүшүнүн себеби эмнеде?

"Бул учурдагы саясий кырдаалга байланыштуу гана эмес, эпидемиологиялык кырдаал дагы таасирин тийгизди"

Күн сайын кыргыз эли валюта курсунун өзгөрүүсүн байкап турат, анын фонунда сатуучулар өз продукцияларына бааларды көтөрүп жатышат.

Экономика илимдеринин доктору, көзкарандысыз эксперт Асылбек Аюпов карантиндик чектөөлөрдөн улам экономикалык активдүүлүктүн бир кыйла төмөндөшүнө байланыштуу деп эсептейт.

"Алдын-ала шарттарды апрель-май айларында байкаса болот" деди ал Vesti.kg менен болгон маегинде. - Бул Кыргызстанга гана тиешелүү эмес, бүткүл дүйнөлүк экономика токтоп калды. Демек, мындай кырдаал саясий туруксуздуктан улам гана жаралган жок деп айта алабыз. Эпидемия жана ага байланыштуу чектөө чаралары таасирин тийгизди. Улуттук банк өз кезегинде улуттук валютанын курсун турукташтыруу максатында валюта базарына долларларды "ыргытып" жатат.

Эксперт кошумчалагандай, айрым товарларга баалар дагы көтөрүлөт, анткени алардын көпчүлүгү импорттолгон.

"Сатуучулар чет өлкөлүк жеткирүүчүлөргө валюта менен төлөшү керек" деди ал. - Бул үчүн алар алгач улуттук валютаны долларга же еврого алмаштырышы керек.

Эске салсак, акыркы бир нече күндөн бери доллардын баасы 80 сомдун тегерегинде болуп жатат. Бүгүн Улуттук банктын маалыматы боюнча, доллардын курсу 81,1 сомду түзөт.

Акылай Батырбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх