Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кечээтен баштап чек ара кызматчылар кызматтын күчөтүлгөн режимине өтүштү

Мындай буйрукту Садыр Жапаров берген

Кечээтен тарта Мамлекеттик чек ара кызматынын бардык бөлүктөрү Мамлекеттик чек аранын бардык аянты боюнча Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, кызматтын күчөтүлгөн түрүнө өткөрүлдү.

Мамлекеттик чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен өз ара кызыкдар болгон маалымат алмашуу жана мамлекеттик чек араны коргоо боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтөт.

Учурда департаменттин жетекчилиги МЧКнын кызматкерлерине 2021-жылы мамлекеттик чек араны уюштуруу жана коргоонун милдеттери жөнүндө маалымдоо максатында республиканын аймагында ыкчам көчмө иш-чараларды өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх