Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров маданият жана искусство кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

"Маданиятсыз улут болбогондой эле улутсуз маданият болбойт"

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы — Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан тартып, элибизге бакыттын дөөлөтү конуп, кыска мөөнөттүн ичинде жакшы ийгиликтерге жетиштик. Эгемендүүлүктү алгандан кийин 1995-жылы 2-ноябрь Маданият кызматкеринин күнү деп кабыл алынып, бүгүн маданият жана көркөм өнөр кызматкерлеринин  кесиптик майрамынын даталуу күнү — 25 жылдык мааракеси  белгиленип жатат.

Маданият — коомдук жүрүм-турумдун, эреже-тартиптердин системасы, ыймандуулук жана интеллектуалдык байлыктын, элибиздин дүйнө таанымынын казынасы.

Маданият — турмуштун күзгүсү демекчи, көркөм өнөр жана маданият ишмерлери коомдо улуттун сыймыгы болуп келген. Алар кайсы гана доор болбосун саясий идеологиялык абалга көз каранды болбой, ачык-айкын ой-пикирлерин айтышып, таамай сүйлөп, улуттук сапатыбызды, адеп-ахлактуулукту көрсөтүп келишкен. Себеби, көркөм-өнөр жана маданият чөйрөсү ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат.

Маданият жөнүндө сөз кылуу  — бул биринчи кезекте, улут жөнүндө сөз кылуу, маданиятсыз улут болбогондой эле, улутсуз маданият болбойт.

Сиздер улуттук асыл дөөлөтүбүздү, кылымдан бери келе жаткан нарк-насилдүү салтыбызды жаштарга үйрөтүп-жеткирип, урпактарга багытталган эмгегиңиздер менен коомубуздун урматына ээ болдуңуздар.

Көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоого, элибиздин маданий казынасын байытууга кошкон баа жеткис салымыңыздарды жогору баалайбыз.

Маданият чөйрөсүнүн ишмерлеринин Мекенге, дүйнөгө болгон жаштардын көз карашын калыптандырууга, аларды мекенчилдикке, атуулдук намыска, жаратмандыкка тарбиялоого кошкон салымын да белгилеп кетем. Мамлекет тарабынан маданиятыбыз ата-бабаларыбыздан калган көөнөргүс өнөр менен толукталып, андан ары өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келе жатат.

Сиздерге театр, кино, сүрөт, музыка жана жалпы маданият жаатында жаңы табылгалар менен улуттук маданиятты өнүктүрүп жатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Сиздердин баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!».

КР Ппрезиденттик аппаратынын басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх