Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Финпол товарларды төлөп берүү шылтоосу менен Кытайга 180 миллион доллардан ашык акча алып кеткен топту аныктады

ЭКККМК акча каражатын алып жаткан жаранды кармады

Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорундагы Финансылык полиция кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, товарларды төлөп берүү шылтоосу менен Кытай Эл Республикасынын аймагына 180 миллион доллардан ашык суммадагы акча каражаттарын мыйзамсыз алып жүргөн кылмыштуу топтун ишин аныкташкан жана токтотушкан.

Бул кылмыштуу топтун Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекеттик бюджетке салыктарды төлөбөө түрүндө жалпы суммасы 1 миллиард 100 миллион сомго өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ушул жылдын 29-октябрында кылмышка шектүү деп КЭРдин аймагына акча каражаттарын алып кетүүнү жүзөгө ашырган жаран А.У. кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

30-октябрда борбор калаанын Биринчи Май райондук соту кармалган адамга карата Бишкектеги 1-тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын колдонду.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 215 "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" беренесинде каралган кылмыштын негиздери боюнча катталган.

Учурда иш тергелип, жогорудагы схемага тиешеси бар чиновниктер жана каражаттын келип чыгышы аныкталууда.

ЭКККМК тин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх