Садыр Жапаров өлкөнүн түштүгүнө кетти
Президент м.а Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барат
2-ноябрдан 4-ноябрга чейин Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапары менен барат.
Жапаров инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышат, ошондой эле Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жана Ош шаарынын активи жана коомчулугу менен жолугушат.
Президенттик аппарат маалыматтык камсыздоо бөлүмү
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз