“Түндүкэлектронун” жамааты кайрадан өкмөт үйүндө митингге чыгышты
Энергетиктер дагы эле жаңы башкы директордун дайындалганына нааразы
"Түндүкэлектронун", Батыш, Чыгыш жана "Аламүдүн" бөлүштүрүүчү электр тармактарынын кызматкерлери мурдагы жетекчи Доскул Бекмурзаевди кайтарып берүү талабы менен өкмөт үйүнө чогулушту. Бекмурзаевди кызматтан Улан Астаркулов алып салганы өткөн жумада белгилүү болду. Акыркысы материалдарды жоготуу жана эсептен чыгаруу боюнча кылмыш иши боюнча айыпталуучу деп болжолдонууда.
Нааразычылык акциясына мас чагымчылар чыкканы кабарланууда. Такталбаган маалыматтарга караганда, алар Астаркуловдун тарапташтары.
Эске салсак, өткөн жумада Улуттук энергетикалык холдингдин имаратынын жанына нааразы болгон эл чогулган. Алардын ою боюнча, жумуштан алуу мыйзамсыз болгон. Бирок, митингчилердин алдына чыккан департаменттин статс-катчысы кызматтан кетүү тууралуу арызды мурунку башкы директор өзү тапшырган деп ишендирди. Жетекчилик арыздын түп нускасын көрсөтүүгө убада берди.
Акылай Батырбекова
Сүрөт www