Сапар Исаков дагы деле үй-бүлөсү менен байланыша элек
Мурунку премьер-министрдин жакындары анын коопсуздугунан чочулашууда
Экс-премьер-министр Сапар Исаков Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин дагы деле үй-бүлөсү менен байланышпай жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына "социал-демократ" Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, соттолгон мурунку өкмөт башчыдан кабар жок.
- Ал аялы менен байланыша элек, ал дагы аябай тынчсызданып жатат, - деп комментарий берди Жолдубаева.
Ал эми укук коргоо органдары Vesti.kg сайтына Сапар Исаковду издөө иштери уланып жаткандыгын билдиришти.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз