Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттик шайлоодо Кыргызстандыктар жашаган жери боюнча гана добуш бере алышат

Форма №2ге чет өлкөлөрдө жашаган кыргыз жарандары үчүн гана уруксат берилет

Алдыдагы президенттик шайлоодо Кыргызстандыктар жашаган жери боюнча гана добуш бере алышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БШКдан билдиришти.
- Буга чейин форма №2 боюнча добуш берүү нормасы жокко чыгарылган, - деп эскертти БШК. - Эми ага чет жерде жүргөн жарандар гана добуш бере алышат.

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого даярдануунун календарлык планын бекитти. 10-октябрга чейин БШК шайлоочулардын тизмесин жарыялай баштайт, ошондо жарандар алардын тизмеде экендигин текшерип турушат. Президенттикке талапкерлер 3-декабрга чейин кол тамгаларын БШКга тапшырышы керек. Талапкерлерди каттоо 14-декабрда аяктайт. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот.

Эскерте кетсек, буга чейин №2 форма аркылуу жарандар катталган жерине карабастан каалаган шайлоо участкасында добуш бере алышкан. Бул норма студенттер жана ички мигранттар катталган жеринде жашабаса дагы, шайлоодо добуш берүү укугунан пайдалануусу үчүн киргизилген. Бирок акыркы парламенттик шайлоодо БШК мүчөлөрү жана жарандык сектор №2 форма шайлоочуларды сатып алуу үчүн колдонулганын белгилешкен. Натыйжада, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин, парламент №2 формасын жокко чыгарды.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх