КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы 5-октябрь окуясы учурунда ооруканада жабыркагандарга барды
Тактап айтканда Алымкадыр Бейшеналиев комада жаткан жигиттин абалы менен таанышты
Бүгүн, 2-ноябрда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылдын 5-октябрындагы окуялардын кесепетинен жабыркаган бейтаптар дарыланып жаткан Бишкек Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна барды. Ал эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүндө жаткан 24 жаштагы жабырлануучу Э.У.У.нын ден-соолугунун абалы менен таанышты.
Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, жабырлануучунун абалында оңжакка жылыш бар.
«Бейтап комадан чыкты, бүгүн биз аны нейротравма бөлүмүнө которуп жатабыз, бирок азырынча анын абалы оор бойдон калууда. Ал керектүү дарылануудан өтүп жатат, ага дагы деле болсо узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат. Бул бейтаптан тышкары дагы жети жабырлануучу бизде дарыланууну улантууда. Алардын ден-соолугунун абалы туруктуу жана бардыгы тиешелүү акысыз дарылануудан өтүшөт. Биз эч кимге медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартпайбыз, жабыркагандардын бири бүгүн дагы бир жолу бизге кайрылды, азыр ооруканада жатат жана дарылануу башталды », - деди Жумабеков.
Иш сапардын жыйынтыгында министр жабыркагандарга бардык зарыл болгон медициналык жардамдарды көрсөтүүнү, керек болсо тиешелүү адистердин консультацияларын уюштурууну тапшырды.
Эскерте кетсек, саламаттыкты сактоо уюмунда жалпысынан 1250 жабырлануучу медициналык жардамга кайрылып, алардын 279 адам ооруканага жаткырылган. Бүгүнкү күндө 8 жабырлануучуга Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору бекер медициналык жардам көрсөтүлүүдө, калгандары канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга чыгарылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору
Сүрөт www