Төрөбай Зулпукаров "Биримдик" партиясында "алтын мандат" деген түшүнүк болгон эмес деп ишендирүүдө
Депутат талапкерлер партиянын чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөп бергендигин айтты
Биримдик партиясында “алтын мандат” деген түшүнүк болгон эмес. Бул тууралуу "Биримдик" партиясынан депутаттыкка мурдагы талапкер Төрөбай Зулпукаров Facebook баракчасына жазды.
Айрым массалык маалымат каражаттарында менин дарегиме айтылып жаткан жалган, такталбаган маалыматтарга жооп берип коёюн.
Биринчиден, туура, шайлоо кампаниясы каржы маселесисиз өтпөйт. Бирок бизде шайлоо учурунда каржы маселесине аралашканга менде мүмкүнчүлүк дагы болгон эмес. Мен көпчүлүк учурда уюштуруу маселеси менен алектендим. Шайлоо учурунда жалпы Кыргызстанда шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, дээрлик Бишкекте болгонум жок. Талапкерлер партиянын жалпы чыгымдарын төлөөдө ар бири өз мойнуна алган. Төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлүп, алардын отчету БШКга толук берилген. Экинчиден, биздин партиянын талапкерлеринин арасында “золотой мандат” деген түшүнүк болгон эмес. Ар бир талапкер өзүнүн бөлүнүп берилген округдарында каржы маселесин да мойнуна алып, айрым жерлерде бири-бирине жардам беришкен. Менин жеке өзүмө “золотой мандат” үчүн деп бир дагы талапкер кайрылган эмес жана шайлоодон кийин каржы боюнча жаныма келип доомат да кылышкан жок.
Саясий заказ аткарып жаткандарды мен туура түшүнөм. Ар бир жалган жалаага көңүл бурууну туура эмес деп эсептейм. Актануунун кажети деле жок. Ар бириңиздердин жүрөгүңүздөргө ыйман, үй-бүлөңүздөргө тынчтык, амандык тилеймин!
Белгилей кетсек, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинин башында турган авторитеттүү жана таасирдүү адамдар "алтын мандат" алышат.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www