Кайрадан митинг. Бишкекте олимпиадалык резерв окуу жайынын директорун кызматтан кетирүүнү талап кылууда
Буга чейин кызматтан бошотулган машыктыруучулар Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин имаратына чогулушкан
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин имаратына чогулган адамдар Олимпиадалык резерв окуу жайынын директорун Ш.Сыдыковду кызматтан кетирүүнү талап кылышууда. . Учурда спорт мектебин Кадырбек Эргешов жетектейт.
"Мурда бул жерде иштеген тренерлер чогулушту" деп Мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына түшүндүрдү. - Алардын мектеп жетекчилигине, Кадырбек Эргешовго каршы арыздары бар болчу. Себеби, буга чейин алар аттестациядан өтпөй, жумуштан айдалган. Буга алар нааразы болушууда. Митингчилерден жазуу түрүндө арыз жазуусун сурандык. Бизде бул маселени карай турган дирекция бар.
Сүрөт www