Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ ыктыярдуу элдик дружиналардын өкүлдөрүн сыйлады

3000 сакчы ведомстволук сыйлыктарга ээ болушту

Бүгүн, 2020-жылдын 3-ноябрында, Ички иштер министрлигинин коллегиясынын кичи залында ыктыярдуу элдик кошуундарды сыйлоо аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Ички иштер министринин орун басарлары, милициянын генерал-майору Мирлан Каниметов, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, милициянын полковниги Эркебек Аширходжаев, ЫЭКнын өкүлдөрү, Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ыктыярдуу элдик кошуундардын бардык өкүлдөрүнө ички иштер органдары менен өз ара аракеттенүүсү, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо кызматын аткарууга көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 2020-жылдын 5-октябрынан 10-октябрына чейин борбор калаада укуктук тартипти чыңдоодо ыктыярдуу элдик кошуундардын ролу өзгөчө белгиленди. Ыктыярдуу элдик кошуундардын ишине ийгилик каалап, алардын катарына прогрессивдүү жарандарды бириктирип, алардын мамлекеттин турмушуна катышуусу көпчүлүккө айкын мисал болуп эсептелет. Шаардыктардын демилгеси менен түзүлгөн элдик кошуундар ар дайым коомдук тартипти чыңдоого жана антисоциалдык көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө активдүү катышат.
Ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү жогорку жоопкерчилик, тартиптүүлүк, абийирдүүлүгү үчүн ведомстволук «Шериктеш», «Кыргыз милициясына 95 жыл» медалдары менен жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыраазычылыгы менен сыйланышты. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу элдик кошуундардын өкүлдөрү гана чакырылды. Жалпысынан 3000 чукул ыктыярдуу элдик кошуундарды мүчөсү сыйланды.
ИИМдин Басма-сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх