Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын РФдагы Элчилиги паспорт маселеси боюнча мекендештерди кабыл алуу убактысын узартты

КРнын жарандык паспортун алуу же алмаштыруу боюнча Кыргыз жарандарынын кайрылууларынын саны кескин көбөйдү

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу / алмаштыруу боюнча кайрылуулары кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу, элчиликтин консулдук бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн, жарандардын паспорт маселелери боюнча иш убактысы көбөйтүлдү, атап айтканда:

- иш күндөрү саат 08.30дан 20.30га чейин  электрондук билеттин жардамы менен жазылбастан  кезекте туруу аркылуу кабыл алат.

- ишемби күндөрү Россиянын алыскы региондорунан келген Кыргыз Республикасынын жарандарынын алдын ала берилген арыздары боюнча саат 10.00дөн 14.00гө чейин кабыл алат.

Аймактардан келген жарандардын санынын көптүгүн эске алып, консулдук бөлүмдүн Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. дареги боюнча электрондук почта дарегине жазылуу үчүн тизмеге киргизүү үчүн кайрылуу жөнөтүңүз.

Маалымат катары айта кетсек, элчилик 2020-жылдын октябрь айында 1342 жаранды паспорт алуу / алмаштыруу үчүн кабыл алгандыгын, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде, 2019-жылдын октябрь айында, Кыргыз Республикасынын 320 жараны кабыл алынгандыгын билдирди. Ошентип, паспорт маселелери боюнча жарандарды кабыл алуу үч эсеге көбөйдү.

КРнын РФдагы Элчилиги
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх