Жапаровго өзүнүн адамы керек болуп жатат. Талант Мамытовдун спикер болуп шайланышы - бийликтин бир колго топтолушу?
Эксперттер ЖКнын төрагасынын креслосун санаалашы алганына таң калышкан жок
Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутаттар кызматтан кеткен Канатбек Исаевдин ордуна ЖКнын жаңы спикери болуп Садыр Жапаровдун бир кездеги жакын санаалашы Талант Мамытовду шайлашты.
Белгилүү болгондой, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков бир кезде “Ата Журт” партиясында жетекчи кызматтарды аркалап келишкен.
Мындай кадр саясаты бийликти бир колго топтоого алып келбейби? Бул чечимди кабыл алууда эл депутаттары канчалык деңгээлде көз карандысыз болушкан? Vesti.kg мындай суроолор менен ата мекендик саясат таануучуларга кайрылды.
"Табигый процесс бар" дейт көз карандысыз эксперт Бакыт Бакетаев. - Садыр Жапаров жоопкерчиликти өзүнө алгандыктан, куралдаштарын коёт. Бул нормалдуу. Административдик ресурс баары бир иштейт.
Дагы бир саясат таануучу Аркадий Гладилов өз кезегинде кыйла кескин сүйлөдү.
- Азыркы парламент, теория жүзүндө таркашы керек, - деп ишенет эксперт. - Жогорку Кеңеш мыйзамсыз иштеп жатат. Биз эми мыйзамды сыйлабай калдык. Ким спикер болсо дагы, эң алтын адам болсо дагы, легитимсиз. Азыр бардыгы мыйзамдык алкактан тышкары жасалып жатат. Спикер ишенимдүү болсун - бул маанилүү эмес. Ал эми Мамытов Талант жөнүндө айта турган болсок, анда божомолдоонун деле кереги жок, бул жерде бардыгы ачык-айкын. Садыр Жапаров негизги постторду дагы кимге тапшырат? Ага өзүнүн адамы керек.
Эскерте кетсек, бүгүн Канатбек Исаев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, спикерликтен кетти. Жаңы спикердин ордун Талант Мамытов ээледи.
Акылай Батырбекова
сүрөт www