Президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү кайда?
Өкмөттүн басма сөз кызматы учурдагы мамлекет башчы жумушка эрте келгенин билдирди
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Өкмөт үйүндө иштейт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
- Садыр Нургожоевич жумушка күн сайын эртең мененки саат 7де келет, - деп кабминден айтылды.
Ал ортодо, басма сөз кызматы мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу кайда жашайт жана мамлекеттик резиденциядан турак-жай алганбы деген суроолорго жооп берген жок, кийинчерээк бул маалыматты беребиз деп убада берди.
Кыргызстандын тарыхында мамлекеттеги эки жогорку кызматты бир адам ээлеген учурлар буга чейин болгон эмес деп түшүндүрөлү. Президенттин кабинети Ак үйдүн 7-кабатында, ал эми премьер-министр өкмөт үйүндө иштеген. Азыр парламенттин имараты талкаланып, депутаттар "Ала Арча" мамлекеттик резиденциясында убактылуу отурушат.
Сүрөт www