­
Садыр Жапаров канадалык компания менен 1 миллион долларлык келишимге катышканбы? (фото) - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров канадалык компания менен 1 миллион долларлык келишимге катышканбы? (фото)

Өкмөттүн басма сөз кызматы  бул маселени иликтеп жатат жана бүгүн жооп берүүнү убада кылды

 Интернет тармагында Кыргызстандын президентинин м.а Садыр Жапаров Канаданын Dickens & Madson Canada компаниясы менен 1 миллион долларлык келишимге катышкандыгы тууралуу маалымат тараган.

Маалыматтарга караганда, Садыр Жапаровдун кеңсеси Израилдин мурдагы аскердик чалгындоо кызматкери Ари Бен-Менаше менен келишим түзүп, келишимдин жарымын төлөп койгон имиш.

 

Такталбаган маалыматтарга караганда, Dickens & Madson Canada компаниясы Кыргызстандын жол инфраструктурасына, тоо-кен тармагына жана айыл чарбасына инвестиция салуу үчүн Садыр Жапаров менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун, Сауд Аравиясынын жана БАЭ лидерлеринин жолугушуусун уюштурушу керек.

Vesti.kg сайты комментарий алуу үчүн Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн басма сөз кызматына кайрылды. Алар бул маселени изилдеп жатабыз жана жакын арада расмий жооп жарыялоону көздөп жатабыз деп жооп беришти.

Акылай Батырбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх