Октябрь районунун акими мектеп директорлору менен билим берүүнүн кадимки формасына кайтуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады
Билим берүү мекемелеринде COVID-19дун таралышынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми талкууланды
Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими Константин Куценко реалдуу убакыт режиминде окутууну калыбына келтирүү маселеси боюнча мектеп директорлору менен жолугушту.
Билим берүү мекемелеринде COVID-19 таралышынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми жана окуу процессин пландаштыруу талкууланды.
Белгилей кетсек, Октябрь районунда 57 билим берүү мекемеси бар, анын 37си мектепке чейинки билим берүү уюмдары, 20 мектеп, аларда 2914 мугалим жана тарбиячы эмгектенишет.
Куценко ошондой эле Октябрь районунун үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) жетекчилери менен жеринде жолугушуу өткөрдү.
Ишкерлер №6, №15, №18 жана №19 ҮМБнын башчыларына керектүү жеке коргонуу каражаттарын жана дары-дармектерин тапшырышты.
Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www