Садыр Жапаровдун пресс-катчысы: милдетин аткаруучу Президенттин канадалык компания менен миллион долларлык келишимге эч кандай тиешеси жок
Галина Байтерек шайлоо алдында мамлекет башчысын жаманатты кылуу максатында ушак-айыңдар таркатылып жатат деп эсептейт
Президенттин милдетин аткаруучунун пресс-катчынын Галина Байтерек жалпыга маалымдоо каражаттарында Садыр Жапаров канадалык компания менен шектүү келишим түзгөн деген маалыматка комментарий берди.
«Биздин мыйзамдарга ылайык, мамлекет жеке компаниялардын ортосундагы келишимдик мамилелерди жөнгө салбайт. Ага ылайык, мамлекет башчысы тарабынан мындай келишимдерге кол коюуга байланыштуу маселе болушу мүмкүн эмес. Ага кол койгон адамдар Садыр Жапаровдун ысымынын артына жашынып алышы мүмкүн. Башка сөз менен айтканда президенттин милдетин аткаруучунун бул документке эч кандай тиешеси жок ”, - деди Галина Байтерек расмий билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, басма сөз катчы мындай маалыматты президенттик шайлоонун алдында президенттик шайлоого талапкерди жаманатты кылуу үчүн жайылтууга болорун баса белгиледи.
Бүгүн тармакта Садыр Жапаров Израилдин мурдагы аскердик чалгындоо офицери Ари Бен-Менаше менен 1 миллион долларга келишим түзүп, анын жарымын төлөп берген деген маалымат болгонун атып өтөлү. Компания менен түзүлгөн келишим эл аралык аренада Кыргызстандын кызыкчылыктарын көздөйт.
Акылай Батырбекова
Сүрөт www