Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалышты (сүрөт)

Алар көзөмөлгө алынган тергөө бөлүмдөрү менен келишим түзүшкөн

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасында системалуу коррупция фактылары жөнүндө маалымат алды.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (Пара алуу) боюнча сотко чейинки иликтөө башталды.

 

Аламүдүн райондук прокуратурасынын райондогу укук коргоо органдары тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөгөн жетекчилиги көзөмөлгө алынган тергөө бөлүмдөрү менен тымызын сүйлөшүп алып, процесстик чечим кабыл алуу үчүн кылмыш иши козголгон адамдардан опузалап акча алып жүргөндүгү аныкталды.

2020-жылдын 11-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ички коопсуздук жана ички иликтөө бөлүмү менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө ишинин жүрүшүндө, Аламүдүн районунун прокурору "С.Э.А." жана анын орун басары "М.АС", КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 

 УКМКнын АКС Аламүдүн районунун ички иштер органдарынын ушул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.

 

 

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www



 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх