Садыр Жапаров президенттиктен кете элекпи? Президенттин кеңсесинин жообу
Мамлекет башчысы 14-ноябрда кызматтан кетет
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров мамлекет башчы кызматынан кете элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына президенттик администрациянын басма сөз кызматы буга чейин Интернетте тараган маалыматты төгүндөп билдирди.
Алар мамлекет башчы 14-ноябрда кызматтан кетээрин маалымдашты.
Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык Садыр Жапаров кызматтан кеткенден кийин Ж.К.нын спикери Талант Мамытов мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков болушу керек.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз