­
Бакыт Бакетаев президенттик жарыштан өз талапкерлигин алып салды. Ал Садыр Жапаровду колдойт - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бакыт Бакетаев президенттик жарыштан өз талапкерлигин алып салды. Ал Садыр Жапаровду колдойт

"Мамлекет башчысынын м.а галстук тагынбайт, бул анын элге жакындыгын көрсөтөт "

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин кайтарып берүү өтүнүчү менен БШКга кайрылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

-Мен  Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров олуттуу реформаларды жүргүзөт, - деп ишенерин түшүндүрдү саясат таануучу. -Ал Ак үйдүн тосмосун бузууну демилгелеген, галстук тагынбайт. Бул анын ички саясий эрки, элге жакындыгы жөнүндө сөз кылат. Андан тышкары, парламенттик шайлоодо таза атаандаштык болот деген божомол менен шайлоо күрөөсүн азайтуу боюнча мыйзамга кол койду.

Бакетаев галстук тагынуу жана көптөгөн коопсуздук кызматкерлери менен чиновниктерди элден четтетет деп ишенет. Ал жөнөкөйлүктү жана коомчулукка жакындыгын Садыр Жапаровдун талапкерлигинен көрөт.

Эске салсак, ноябрдын башында Бакыт Бакетаев президенттикке талапкерлигин коюуну чечкен. Бүгүн саясат таануучу Садыр Жапаровду колдоп, жарыштан кетүүнү чечти.

 

Акылай Батырбекова

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх