Садыр Жапаров: Конституцияны өзгөртүү элдин кызыкчылыгына жооп берет
Президенттин м.а өлкөдө саясий куугунтук болбойт, парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскарат деп убада кылган
Кыргызстанда журналисттерге куугунтук болбошу керек. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.
"Биздин эл диктатурага жол бербейт, үчүнчү революция буга чейин далилдеп койду" деди ал. - Мен буга чейин Кыргызстанда, анын ичинде журналисттерге карата саясий куугунтук болбошу керек деп айткам.
Ошондой эле Жапаров жакында кыргызстандыктарда конституциялык реформа боло тургандыгын жана бул өзгөртүүлөр элдин кызыкчылыгына жооп берерин айтты.
"Мисалы, парламентте 90 гана депутат болот" деп тактады ал.
Эске сала кетсек, бүгүн Садыр Жапаров журналисттерди КТРКнын имаратындагы маалымат жыйынга чакырды. Президенттин милдетин аткаруучу бардык кызыккан суроолорго жооп берүүгө убада берди, бирок Жапаров менен Россиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу жолугушуу убактысы чектелүү.
Вероника Малышева
Медина Купсулдаева
Сүрөт www