Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун башчысы Мыктыбек Арстанбек президенттик шайлоого катышууну чечти
Бүгүнкү күнгө чейин 24 талапкер катталган
Дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуу каалоосу боюнча БШКга арыз берди. Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору Мыктыбек Арстанбек жарышка кошулууну чечти.
Бүгүнкү күндө 24 талапкер катталган: Адахан Мадумаров, Арстан Алай, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Канатбек Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байгуттиев, Айам Сооронкусенов, Азарон Кубанычбек Кадыров, Элеонора Турдубекова, Садык Шер-Нияз, Токтайым Үмөталиева, Урустам Кабылбеков, Илгиз Токеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбылбек Камчиев.
Саясат таануучу Бакыт Бакетаев шайлоого катышуудан баш тартты.
Шайлоого катышуу үчүн арыз берүү 14-ноябрга чейин болот. Андан кийин талапкерлерге кол топтоо башталат.
Сүрөт www