Садыр Жапаров дипломатиялык миссиялардын башчылары менен жолугушту
Президент м.а белгилегендей, Кыргызстан тышкы саясатта ырааттуулукту сактайт
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле чет мамлекеттердин Кыргызстанда аккредитацияланган ардактуу консулдары менен жолугушту.
Жолугушуунун катышуучуларына сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы дипломатиянын негизги маңызы элдер менен мамлекеттердин ортосунда “алтын көпүрө” куруу экендигин белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргызстан ар дайым чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдар менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле, ал 5-октябрда Кыргызстанда болгон окуялар парламенттин адилетсиз шайлоосунун натыйжасы болгонун айтты.
Жана белгилегендей Президенттин м.а бүгүн өлкөдөгү кырдаал турукташып, саясий процесстер укуктук талаага кайтып келди.
Жапаров учурда мамлекеттик органдарга өлкөдөгү актуалдуу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, инвесторлордун ишенимин кайтаруу жана мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо милдети коюлгандыгын баса белгиледи.
Мамлекет башчы ошондой эле Кыргыз Республикасы тышкы саясатында үзгүлтүксүздүктү жана буга чейин жетишилген эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин алкагында бардык эл аралык милдеттенмелерди так сактоону белгиледи.
Ал тышкы саясаттын учурдагы артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстан мурдагыдай эле союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты чыңдай берет деп ишендирип, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөткөндүгү үчүн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын билдирди.
Президенттин м.а ошондой эле Кыргыз Республикасы ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, БУУ, ЕС, КМШ, ТМКК жана башка негизги эл аралык түзүмдөр менен кызматташууга маани берерин белгиледи.
Садыр Жапаров дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын эл аралык коомчулук менен ар тараптуу кызматташтыгын мындан ары чыңдоого ишеним билдирди.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү
Сүрөт www