Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы кирешени эсептеп чыгышты

Биринчи вице-мэр КР МСКтин башчыларына бекитилген көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча иштерди күчөтүү жана салык карыздарын кыскартууну тапшырды

Борбор калаанын мэриясында биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы астында жергиликтүү бюджеттин кирешелери боюнча штабдын жыйыны болуп өттү.

Төрт райондун акимдеринин биринчи орун басарлары, шаардык мэриянын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн, райондук салык башкармалыктарынын, Каржы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын, Мамлекеттик салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын, ЭЭА департаментинин, ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстары жана муниципалдык менчик башкармалыктарынын башчылары катышты.

Үч маселе каралды: 2020-жылдын январь-ноябрь айларына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы; реалдуу салыктык жана салыктык эмес карыздарды кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө отчет; ушул жылдын ноябрь - декабрь айларынын тапшырмалары.

2020-жылдын январь-октябрь айларында Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн иш жүзүндө аткарылышы 6,9 млрд сомду түздү, ошол эле учурда план 7,6 млрд сом болсо, план 91,3% га аткарылып, аткарылбай калганы 0,7 млрд сомду түздү.

Салык карызы 2020-жылдын 1-октябрына карата Бишкек шаары боюнча 813,7 млн сом.

Биринчи вице-мэр Бакетаев төрт райондун МСК башчыларына бекитилген көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча иштерди күчөтүү жана салык карыздарын кыскартууну тапшырды.

Административдик райондордун башчыларына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жана шаардын райондору боюнча МСК менен биргеликте транспорттук салыкты төлөө боюнча биргелешкен иш пландарды бекитүү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Биргелешкен рейддер үчүн ар бир райондо экиден мобилдик топ түзүлөт.

Бакетаев Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрацияларынын, фискалдык органдарынын жана киреше алып келүүчү кызматтарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын жоопкерчилигин эскерип, ушул жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү жөнүндө эскертти.

Бишкек шаардык мэриясы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх