Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстан Кыргызстанга дагы бир гуманитардык жардам жөнөттү

Бир жолу колдонулуучу кол каптар, коргоочу комбинезондор, көз айнектер, маскалар, гепарин жана башкалар атайын учак менен жеткирилген

КР Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдөн кийин , ошондой эле жакында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Өзбекстан Республикасына жасаган жумушчу иш сапары менен, 2020-жылдын 15-ноябрында Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына каршы күрөшүү иш-аракеттерин колдоо максатында атайын учак менен дагы бир гуманитардык жардамды Кыргыз Республикасына жөнөттү. 

Гуманитардык жардам 100000даана бир жолу колдонулуучу мээлейден, 10000даана бир жолу колдонулуучу коргоочу кийимден, 2000 көз айнектен, 100000даана бир жолу колдонулуучу маскалардан, 1000 куту гепаринден, 10000 даана COVID-19 вирусунун алдын алуу үчүн комплекттен, вирусту аныктоого арналган 10000 даана тесттен, 5000 пакеттен турган ремдисевир, 4000 даана натрий хлору, 62 160 даана бир жолу колдонулуучу шприцтер жана 20 000 даана системалар. Мындан тышкары, модулдуу, жогорку технологиялуу эки оорукананын курулушу башталды.

Жакынкы күндөрү темир жол аркылуу төмөнкү гуманитардык жардамдарды жөнөтүү пландаштырылууда: 400 атайын оорукана контейнерлери жана 3000 тонна буудай.

Кыргыз тарап бир тууган Өзбекстан элине өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу иш-чараларынын алкагында кезектеги колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет.

КР Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх