Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаардык кеңеши батирди Айсулуу Тыныбековага өткөрүп берүү маселесин карайт

Долбоор тийиштүү тартипте сессияда бекитүү үчүн БШКга тапшырылды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары батирди аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага өткөрүп берүүнү караштырышы керек, деп билдирди борбордук мэрия.

Аялдардын эркин күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованын Кыргыз Республикасында спортту өнүктүрүүдөгү жогорку эмгегин эске алуу менен, Москва көчөсү, 191 дарегиндеги муниципалдык үч бөлмөлүү батирди спортчуга бекер өткөрүп берүү жөнүндө Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору иштелип чыкты.

24-мартта долбоор Бишкек шаардык Кеңешине сессияда андан ары бекитүү үчүн белгиленген тартипте сунушталды.

Бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин 19-ноябрда боло турган кезектеги, ХХХIII сессиясынын күн тартибине киргизилген.

Маалымдама:

Тыныбекова Айсулуу Болотбековна - аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча спорт чебери, Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону, Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү, 2012-жылдагы Лондон Олимпиадасынын катышуучусу, эл аралык турнирлердин көп жолку жеңүүчүсү, 2017-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси.

2019-жылдын 14-22-сентябрь аралыгында Нур-Султан шаарында (Казакстан Республикасы) өткөн аялдар арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатта Тыныбекова жеңишке жетип, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиону наамын жеңип алды.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграмда ээрчиңиз, эң негизгиси гана!
Yandex
Көбүрөөк билүү: https://vesti.kg/politika/item/78543-bishkekskij-gorkenesh-rassmotrit-vopros-o-peredache-kvartiry-ajsuluu-tynybekovoj.html - Бишкек шаардык кеңеши батирди Айсулуу Выныбековага өткөрүп берүү маселесин карайт.KEST - Кыргызстандан жаңылыктар

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх