Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Камчыбек Ташиев бир дагы Замир деген менен тааныш эмес

Чекисттер Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын сөзүн төгүнгө чыгарышты. Коопсуздук кызматкерлери үйдү тинтүү учурунда сылык-сыпаа мамиле жасашкан, үй ээси аларга чай сунган деп ырастоодо

Ош шаарында жана Ош облусунда кылмыш жасоо боюнча уюшкан топ түзүү боюнча тергөөгө чейинки тергөө амалдарынын алкагында УКМКнын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүштү.

Андан кийин Савай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сайпидинов видео кайрылуу жасап, анда УКМК кызматкерлерин анын жакын туугандарына жана Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы З.Тургунбаевдин апасына орой мамиле кылган деп айыптады. Сайпидинов ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жеке таанышмын деп коркуткан  Замирдин үстүнөн арызданды.

УКМК Сайпидинов айткан сөздөр чындыкка дал келбейт деп билдирет, анткени Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Кара-Суу районунан бир дагы Замирди жеке тааныбайт.

Белгилей кетсек, издөө иш-чараларынын жүрүшүндө үйдөгү адамдарга карата орой мамиленин фактылары болгон эмес. Өз кезегинде Тургунбаевдин апасы УКМК кызматкерлерине жылуу мамиле жасап, аларды чай менен сыйлоону сунуш кылган.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх