Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ата Мекен" штабын бузууга аракет кылган агрессивдүү эркектерге арыз жазат

Партия кеңсеге кирген адамдар кылмыштуулукка байланыштуу болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт

"Ата Мекен" партиясы алардын штабына кирүүгө аракет кылган белгисиз адамдар тарабынан чагымчыл аракеттерден кийин укук коргоо органдарына кайрылат. Бул тууралуу аталган саясий уюмдун мүчөсү Зарылбек Шермаматов Vesti.kg сайтына билдирди.

Анын айтымында, 21-ноябрда партиянын штабына 15-20 кишиден турган топ келип, Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу уюштурууну талап кылышкан.

- Бүгүн биз Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматына жана прокуратурага кайрылууну көздөп жатабыз, - деп түшүндүрдү Шермаматов. - 21-ноябрда биздин штабга болжол менен 15-20 адам келип, Конституциянын долбоору боюнча ачык айтыш үчүн Өмүрбек Чиркешовичти алып келүүнү талап кылышты. Алар кимдер экендигин айтышкан жок. Толук тактык менен айта албайм, бирок алардын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экендигин жокко чыгарбайм. Алар кыйкырышты, өзүн туура эмес алып жүрүштү. Булар жөнөкөй адамдар экенинен күмөн санайм.


Партиянын өкүлү кошумчалагандай, ошол учурда штабда күзөтчү гана болгон. Белгисиз адамдар партиянын кеңсесинин жанында 15 мүнөткө жакын туруп, андан кийин дайынсыз болушкан.

Эскерте кетсек, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жаңы Конституциянын долбоору боюнча терс сөздөрдү айткан. Документтин автору делген Бектур Зулпиев менен дебат учурунда Текебаев эч тартынбастан, Баш мыйзамдын долбоорун "түрү суук" жана "таштанды" деп атады. Ал дагы бир катар белгилүү саясатчылардай эле документти артка кайтарып алууну талап кылууда.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх