Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими кызматтан бошотулду
- жолу 8 кароо
Константин Куценко өзү кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазгандыгы белгиленди
Октябрь районунун акими Константин Куценко, берилген арызга ылайык, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 46-беренесине ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Борбор калаа муниципалитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду .
Эскерте кетсек, бүгүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) кызматкерлери Константин Куценкону коррупцияга тиешеси бар деген шек менен кармашканы белгилүү болду.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Загрузка...