Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордунда долбооруу изилдөө иштери башталат

Жакын арада долбоорлоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыяланат. Балбак Түлөбаев буга акча бөлүүнү буйруду

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүү жөнүндө буйрук чыгарды.

Белгилей кетсек, имараттын активдүү ээси борбордук мэриянын муниципалдык менчигин башкаруу болуп саналат. ММБнын талабы боюнча Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунан ушул имараттын курулуш структурасынын чыныгы абалы жөнүндө техникалык корутунду алынды.

Буйруктун негизинде тапшырыкчы - техникалык тапшырманы иштеп чыгуучу мэриянын капиталдык курулуш бөлүмү аныкталды.

Жакынкы аралыкта техникалык корутундуга жана шаар куруу документтерине ылайык долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланат.

Эскерте кетсек, Орозбекова жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын мурунку имараты 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда өрттөнүп кеткен.

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх