Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Артем Новиков: Эл аралык өнөктөштөр менен болгон аракеттерди бириктирүү ишкерлерди колдоону көбөйтүү үчүн маанилүү

Премьер-министрдин м.а ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча директору менен жолугушту

Ишкерликти колдоого алууну кеңейтүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен күч-аракетти чыңдоо маанилүү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн менен жолугушуусунун жүрүшүндө билдирди.

«Финансы институту тарабынан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүп жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Биз эки тараптуу кызматташтык орнотулган учурдан бери карай биргелешкен иш алып барууда оңдуу тажрыйбага ээ болуудабыз. Банктын учурдагы портфели көлөмдүү жана 330 млн АКШ долларын түзөт, мамлекеттик программалар боюнча гана 44 долбоор ишке ашырылууда. Биз үчүн сиздер тараптан атамекендик ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан колдооңуздар баалуу. Бул дагы биздин кызматташтыгыбыз үчүн чек эмес. Биргелешкен аракеттерибиз аркылуу сиздердин мүмкүнчүлүктү жана экономикалык абалды турукташтырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программаларын интеграциялай алабыз», - деди Артем Новиков.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, ЕРӨБ негизги басымды кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө, инвестициялык климатты жакшыртууга жана каржылоого карай жеткиликтүүлүккө коет. Бул милдеттер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдына коюлган милдеттер менен толугу менен дал келет.

Өз кезегинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейн билдиргендей, финансы институту мындан ары карай Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен активдүү кызматташуга даяр.

«Келечекте Кыргыз Республикасында иштеп жаткан башка финансы институттары менен кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар», - деп белгиледи ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алардын аткарылышы үчүн ыкчам чечүүнү талап кылган биринчи кезектеги долбоорлорду талкуулады.

Артем Новиков тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган маселени ыкчам тартипте иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын уланышына ишенимин билдиришти.

КР Өкмөтүнүн басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх