Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Россия Кыргызстанга 8 миллион долларга гуманитардык жардам көрсөтөт

Бул каражатка ун жана өсүмдүк майы сатылып алынат

Россия Кыргызстанга 8 миллион долларга гуманитардык жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирди.

Бул каражаттар жакырчылыктын чегинде жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 9000 тонна азык-түлүк сатып алууга жумшалат.

Бүгүн, буудай унун жана өсүмдүк майын өткөрүп берүү аземи боот, андан кийин өлкөнүн аймактарына таратылат. Бул долбоор БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.

«Ошол эле учурда, Россия Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча башка долбоорлорду дагы каржылоону улантат. Республиканын мектептеринде башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылат ”, - деп билдирди элчилик.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх