Сооронбай Жээнбековго кылмыш ишин козгоонун алты себеби
Юрист экс-президентке иш козгоонун негиздерин тизмектейт
Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Фейсбуктагы түз эфир учурунда экс-президент Сооронбай Жээнбековго кылмыш ишин козгоонун алты себебин санап өттү.
Ал Кой-Таш окуялары учурунда баланын өлүмүнө жана парламенттик шайлоо учурунда массалык түрдө добуш сатып алууга Жээнбеков күнөөлүү деп эсептейт.
«Биринчи себеби, Жээнбеков шайлоо өнөктүгүнө керек болгондон 24 миллион доллар ашыкча сарптады. Бул чоң кылмыш.
Экинчи себеп - ЖЭБди модернизациялоо. ЖЭБди жаңылоону мен кылмыш деп эсептебейм. Эгерде ал жерде кылмыш болсо, анда Жээнбеков дагы жоопко тартылышы керек, анткени модернизация учурунда ал премьер-министр болгон. Чечим кабыл алынганда, ал дагы катышып, аны иштөөгө кабыл алган. Анын бир тууганы Асылбек Жээнбеков насыя боюнча чечимди Жогорку Кеңеште кабыл алды.
Үчүнчү себеп - Кой-Таш окуясында жоокердин өлүмү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Кой-Ташка кызматкерлерди Жээнбековдун уруксатысыз жибербейт эле.
Төртүнчү себеп - ушул жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо добуштардын массалык түрдө пара алуусу. Себеби Жээнбековдун уруксатысыз ушунча добуш сатып алынмак эмес.
Бешинчи себеби, ал шайлоодон кийин 5-6-октябрь күндөрү башаламандык уюштуруп, тынч кетпей койду. Эскерте кетсем, атылган октун кесепетинен көптөгөн адамдар жаракат алышып, ал тургай бир жаш жигит каза болуп калган.
Алтынчы себеби, анын коррупцияга аралашканы. Эсиңиздерде болсо, журналисттер Матраимовго байланыштуу иликтөөнү жарыялаганда, ал фактыларды сураган. Кийин белгилүү болгондой, УКМКда бар. Мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов боюнча материалдарды таап, камакка алган. Бул ага карата иш болгонун билдирет », - деп жыйынтыктады Жоошев.
Гулиза Чудубаева
Сүрөт www