Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курманбек Дыйканбаев эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды

Тиешелүү чечим Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды

Президенттин Жогорку Кеңештеги мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМКнын убактылуу камагына эки айга камалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКдан кабарлашты.

Бул баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тандалды.

Эскерте кетсек, Курманбек Дыйканбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча 24-ноябрда кармалган.

Тергөө 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо өнөктүгү учурунда Дыйканбаев саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан бошотуу коркунучу менен ага 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбур кылгандыгы аныкталды. 

Ал мыйзамсыз алынган акчаны шайлоо өнөктүгү учурунда пайдаланган деп айтылууда.

Купсулдаева Медина
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх