Кыргызстанда 3-декабрга карата COVID-19 илдетинин 420 жаңы учуру катталды
4 өлүм учуру катталды
Кыргызстанда 3-декабрга карата 420 жаңы COVID-19 учуру катталды. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаарында - 179, Ош шаарында - 8, Чүй облусунда - 112, Ош облусунда - 26, Талас облусунда - 13, Нарын облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда - 35, Жалал-Абад облусунда - 15, Баткен облусунда - 28 адам. Алардын арасында 12 медициналык кызматкер бар.
400 жаран айыгып чыгышты.
Стационардык дарыланууда 2689 бейтап бар, амбулатордук 3570 адам бар.
Дагы 4 өлүм катталды.
Алина Осмонова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз