Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК эмне үчүн депутаттардын жолугушуулары YouTube аркылуу көрсөтүлбөй жаткандыгын түшүндүрдү

Парламент депутаты Дастан Бекешев буга чейин түз эфирдин жоктугуна көңүл бурган

Жогорку Кеңештин комитеттеринин жыйналыштары YouTube видео сервисинде түз эфирсиз өтөт. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн телеграмм каналында жарыялады.

Анын айтымында, парламент түз эфирге чыгууга мүмкүнчүлүк берген атайын программанын колдонулушун узартуу үчүн 350 доллар төлөп бериши керек.

Ал арада ЖКнын басма сөз кызматы Бекешевдин сөзүн тастыктады. Алар бүгүн, 3-декабрда программанын мөөнөтү бүткөндүгүн такташты. Жакынкы арада коомчулук дагы депутаттарды байкай алат, деп ишендирди ЖК штабынын басма сөз кызматы.

"Бүгүнкү күнгө чейин биз түз эфирге чыктык" деди Vesti.kg сайтына басма сөз кызматынын кызматкери Индира Куралбек кызы. - Бирок 5-6-октябрдагы окуяларга байланыштуу биздин техникалар уурдалып, талкаланган. Түз эфир үчүн 350 доллар төлөшүбүз керек. Ушул жумада сумманы төлөп, түз эфирге чыгабыз.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх